Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:27

УКК: К. Бакиевдин кайда жүргөнү белгилүү


Убактылуу өкмөттө Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда К. Бакиев учурда Жалал-Абат облусунун Сузак районунда он чакты куралчан топтун коштоосунда улам жер которуп жүрөт. К. Дүйшөбаев ошондой эле мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген Жаныш Бакиевдин да жүргөн жери белгилүү экенин маалымдады. Ага ылайык Ж. Бакиев куралчан жөкөрлөрү менен Чүй облусунда. “Эгер булар курал колдонуп, кандайдыр бир чагым жасай турган болсо, аны басууга күчүбүз жетет” деп билдирди К. Дүйшөбаев.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG