Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:28

Чүйдө кырдаал турукташа баштады


Убактылуу өкмөттүн Чүй облусу боюнча тескөөчүсү Сагынбек Абдырахмановдун маалыматына ылайык, бүгүн аймакта абал тынч. Тартип коргоочулар менен элдик кошуундар аймактагы тынчтыкты сактап, талоончулук иштерине жол беришкен жок. Бирок айрым акимчиликтерде кызмат талашуу жаңжалдары күч алып жатканы туурасында жергиликтүү лидерлердин бири Сагын Тулекабылова “Азаттыкка” билдирди. Ал эми укук коргоочу Уран Рыскуловдун айтымында, Чүйдөгү айрым диаспоралардын өкүлдөрү 7- апрель күнү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам иретинде акча чогултуп жатышат. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG