Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Учурда Бишкек шаарында 80 троллейбус иштеп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Троллейбус башкармачылыгынын башчысы Геннадий Милицкий билдирди. Анын айтымында, 7-апрелде кечки саат 5те троллейбустар ишин токтотууга аргасыз болгон. Себеби шаар көчөлөрү менен транспорттун жүрүшү үчүн мүмкүнчүлүк жок болчу. Бирок 8-апрелден тарта шаар транспортунун иши кайрадан калыбына келтирилген. 7-апрелдеги башаламандыктар маалында 2 троллейбустун терезеси сынып, Троллейбус башкармалыгына тийешелүү Камаз өрттөлгөн. Ошондой эле бир катар айдоочулар коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган. Геннадий Милицкий шаар тургундарына кайрылып, айдоочуларга жана муниципиалдык менчикке аяр мамиле кылууну өтүндү. Ар бир жаңы троллейбустун баасы 150 миң долларды түзөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG