Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстанга БУУнун атайын чабарманы Ян Кубиш келди


Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Европалык экономикалык комиссиясынын аткаруучу директору Ян Кубиш Бишкекте убактылуу өкмөт мүчөлөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолгушмакчы. Аталган уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин программаларды өнүктүрүү боюнча координатору Жылдыз Куватованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Ян Кубиш жана анын жардамчысы Кыргызстандагы абал менен таанышуу максатында келген. Учурда БУУнун атайын өкүлү Тышкы иштер министрлигинде ачылган көңүл айтуу китепчесине кол коюуда. Ян Кубиш Кыргызстанда эки күн болот. Бул убакыттын ичинде ал башка эл аралык уюмдардын чабармандары менен да кызматташуу тууралуу сүйлөшөт.

9-апрелде Кыргызстандагы абал менен таанышуу максатында ЕККУга жетекчилик кылып жаткан өлкө катары Казакстан парламентинин вице-спикери Жаныбек Карипжанов жана ЕККУнун чыр-чатактарды чечүү боюнча адиси Херберт Даубер келишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG