Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Белгилүү манастаануучу Самар Мусаевдин сөөгү жерге берилди


86 жаш курагында көз жумган белгилүү манастаануучу, окумуштуу, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты Самар Мусаевдин сөөгү бүгүн жерге берилди.

“Манас” эпосу, советтик идеология тарабынан реакциячыл чыгарма катары куугунтукталып жаткан учурларда ал кездеги жаш окумуштуу Самар Мусаев анын элдик чыгарма экенин айтып келген. Ошондой эле окумуштууну акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан анын замандаштары манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манасты” араб арибинен кыргызчалатып басып чыгарууда С.Мусаевдин эмгеги зор экени айтышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG