Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Улан Мелисбек АКШ элчилигинде жашырынууда


Кыргызпатенттин жетекчиси Улан Мелисбекке бүгүн түш ченде кол салуу болгон. Бул тууралуу Кыргызпатенттин интернет баракчасы кабарлайт. У.Мелисбек 7-апрелдеги кандуу окуялардан кийин кызматынан кетүүгө даяр экенин айтып, К.Бакиевди президенттик ыйгарым укуктарын таштоого чакырган. Анын айтымында, ошондон бери аны Жаныш Бакиевдин адамдары издеп жүргөнү тууралуу маалыматтар келе баштаган. Бирок бүгүн үйүнө кирип бараткан жерден аны жумуштан айдалган мурдагы кызматкеринин адамдары күтүп алып, кол салууга аракет жасашкан. У.Мелисбек буга байланыштуу АКШ элчилигинен баш калка сурап, уулу АКШ жараны болгондуктан учурда элчиликтин аймагында убактылуу жашырынып турганын билдирген. (IJz)

XS
SM
MD
LG