Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

ИИМ: «Ички иштер органдары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгат


Азыркы учурда ички иштер органдарына карата калктын ишенимин калыбына келтирүү боюнча чаралар иштелип жатат. Анын ичинде негизинен ички иштер органдары жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселеси турат. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов 10-апрель күнү ЕККУнун баш катчысынын атайын өкүлү Жаныбек Карибжанов менен болгон жолугушууда билдирди. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын маалымдашынча жаңыдан сунуштала турган «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи кезекте адам укугун жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартип, коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча милициянын ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
Өз кезегинде ЕККУнун атайын өкүлү «Кыргыз Республикасындагы ички иштер органдарын реформалоо» программасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу жаңыча нукта улантылаарын убада кылды. (KJ)

XS
SM
MD
LG