Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

АКШ Кыргызстандын революциялык өкмөтүнө ар тараптуу колдоо көрсөтөт


10-апрелде АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, кыргыз өкмөтүнүн өлкөдөгү кырдаалды оңдоп, аны адам укуктары сакталган, демократиялык жана экономикалык бакубат өнүгүү жолуна салуу аракеттерине колдоо билдирди. Мамдепартаменттин катчысы Кыргызстанга саясий жана экономикалык абалды турукташтыруу үчүн гуманитардык жардам жиберүүнү жана башка колдоолорду сунуш кылды. Х. Клинтон Борбордук Азия регионунда коопсуздукту камсыз кылууда Кыргызстандын “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун маанилүү ролун баса белгиледи. Р. Отунбаева өз кезегинде бул борборго байланыштуу мурда кол коюлган келишимдер сакталат деп ишендирди. Бул сүйлөшүүлөрдө козголгон маселелерди андан ары жылдыруу үчүн мамкатчынын жардамчысы Роберт Блейк жакында Кыргызстанга келиши керек. Бул маалыматты бүгүн АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги таратты.(КС)

XS
SM
MD
LG