Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Москвадагы кыргыздар жардам берет


10-апрелде Москвада кыргыз жамааты чогулуп, Бишкекте каршылык акцияларында курман болушкан уландардын арбагына арнап куран окутуп, аза күтүштү

Кыргыздардын аза күтүү жыйыны 10-апрелде Москвадагы Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонунда өткөрдү. Кыргыздар павильонго келип 7-апрелде Бишкекте курман болушкандар арбагына багыштап куран окуп кетип атышты.

Апас Жумагулов:

- Ушундай кыйынчылыкты иш менен, жакшы сөз менен, жакшы ой менен жеңүүгө болот. Биз Кыргызстандан алыста жашайбыз, кандай окуя болуп кетпесин деп саксактап турабыз. А бул жолу баарын көзүбүз менен эмес жүлүнүбүз менен көрдүк. Ыйлап туруп көрүп ошондон бери сыктап атабыз. Алар ким болбосун – кыргыздар эле.

“Кыргыз биримдиги” уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров:

- Бизге, Москвада жашап иштеп жүргөн кыргыздар үчүн чындыгында күтүлбөгөн окуя болду. Кишилердин өлүмгө учурашы бир жагынан ойлондурду. Албетте, биздин эң алды айта турганыбыз – атууну, киши өлтүрүүнү токтотсок. Мамлекет тарабынан да эл тарабынан да киши өлтүрүү болбосо деп тилеп – ошону айткыбыз келет. Бул – бир. Анан элибиз тынчтыкка, ынтымакка келиши керек. Негизги ой ушул. Бул жакта Москва жана Москва айланасында жашаган кыргыздардын ыктымагы, бөлүнүшпөгөнү баарыга белгилүү. 20, 40 жылдан бери ушуякта жашап аткан кыргыздар бар, бирок аларда эч кандай бөлүнүү-жарылуу деген жок. Ушул көрүнүш Кыргызстанда болсо деп тилейбиз.

Бауман университетинин профессору Маматжан Акжолов:

- Бул күндө көздөн жаш кетти. Албетте бул эл башына түшкөн залака болду. Мындай болбошу керек эле, эми болгондон кийин андан бачым чыгыш керек.

Насип Асанбаев:

- Интернетте кечке олтуруп аттык бул жерлик кыргыздар. Телевизордон көрүп аттык. Бир чети кубандык. Үй-бүлөлүк бийликтен кутулганга бул жакта кыргыздар абдан кубандык. Бирок кан төгүлүш жаман болду. Ошол жагын жогорку бийликтегилер алдан ала ойлошу керек болуучу. Көп адамдын убалына калышты. Ошондой болгондо да оппозиция дээрлик жеңишке жеткен бизди кубантты.

Салиман Жолборсбекова:

- Президент деген эли болсо анан президент. Мындайча айтканда ал – элге ата болот. Ата деген баласынын канын төгөт деген кандай жорук? Эл көтөрбөй аткандан кийин мурда эле маакул болуп, ырас экен деп, мына, болуптур, башка бирөөнү шайлап алалы деп ордун өткөрүп бергенде жакшы болбойт беле. Мынчалык кан төгүштүн кажети жок болчу. Өзүбүздү жаштардын канын төгүш болбогон иш болду!

Аза күтүү каадасы аяктаар алдында 7-апрелде Бишкекте массалык каршылык акциясында каза тапкандардын үй-бүлөсүнө даректүү материалдык жардам көрсөтүү фонду уюштурулганы дайын болду.



XS
SM
MD
LG