Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Хиллари Клинтон Роза Отунбаева менен сүйлөштү


АКШнын Мамкатчысы Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы менен телефондон сүйлөшкөнү Мамдепартаменттин маалымат катчысы Филип Кроли жарыялаган билдирүүдө айтылат. Ага ылайык, Отунбаева Клинтон айымды «убактылуу өкмөт АКШ менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн Манас аба базасы боюнча келишимди аткарат» деп ишендирди. Билдирүүдө айтылгандай, Клинтон Бишкекке өз жардамчысы Роберт Блейкти жөнөтмөкчү. Мунун алдында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун атайын өкүлү Жаныбек Карипжанов Бишкекте болуп, убактылуу кыргыз өкмөтү жашырынып жүргөн президент Бакиев менен кризисти жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн ырастаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG