Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Евробиримдик Кыргызстанга Баш мыйзамды өзгөртүүгө жардамдашат


Бул тууралуу аталган Европа Биримдигинин атайын чабарманы Пьер Морель кечээ убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен жолугушууда билдирди. Ө. Текебаевдин айтымында, Конституциянын долбоору иштелип чыккандан кийин Венеция комиссиясына жөнөтүлөт жана бул үчүн эл аралык эксперттердин кеп-кеңеши керек. Кыргызстандын эгемен тарыхында Баш мыйзам бир нече жолу өзгөргөн. Соңку жолу Конституцияга эгер президент кандайдыр бир себептер менен милдетин аткара албай калса, анын ордуна талапкерди президенттик кеңешме аныктайт деген өзгөртүү кирген. Бул кыргыз коомчулугунда кызуу талашты жараткан. Оппозициялык күчтөр президентти мураскерин такка алып келгени жатат, деп айыптап чыгышкан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG