Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

К.Бакиев Кыргызстанга тынчтык күчтөрүн киргизүүнү сунуштады


Курманбек Бакиев “Азаттыктын” Жалал-Абаддагы кабарчысы Ырысбай Абдраимовго бүгүн берген интервьюсунда өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуунун жолдору тууралуу пикирин билдирген. Ал учурда Жалал-Абадда жүргөн БУУнун атайын чабарманы Ян Кубиш менен жолугушуп Кыргызстанга БУУнун калкасында тынчтык күчтөрүн киргизүүнү жана эл аралык комиссия түзүп 6-7-апрелдеги окуяга баа берүүсүн өтүнгөн. К.Бакиев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө даяр экендигин да билдирген. Ал эми убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов болсо убактылуу өкмөт К.Бакиев менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөй тургандыгын “Азаттыкка” берген маегинде айткан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG