Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Сузакта К.Бакиевдин тарапкерлери митинг өткөрүүдө


Сузак районунун Тейит айылында К.Бакиевдин бир миңге чукул тарапкерлери президентти коргоо боюнча митинг өткөрүүдө. Чогулган элдин алдына чыгып сүйлөгөн К.Бакиев оппозиция мыйзамсыз бийликти басып алганын белгиледи. Бул тууралуу митинг болуп жаткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы Замира Кожобаева билдирди. Анын айтымында, К.Бакиевдин жанында иниси Жаныш Бакиев дагы жүрөт. Алардын коопсуздугун мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлери камсыз кылып жүрүшөт. Ал жерде К.Бакиевдин уулдары Максим менен Марат көрүнбөйт, дейт кабарчыбыз. (AJ)

XS
SM
MD
LG