Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

К.Бакиев: Мен азыркы убактылуу өкмөттү тааныбайм


Тейит айылында өтүп жаткан митингде К.Бакиев БУУдан эл аралык комиссия келип 6-7-апрелдеги окуялар боюнча баа берерин, оппозиция күч менен бийликти басып алганын билдирди. Бул тууралуу митингге байкоо салып турган кабарчыбыз Замира Кожобаева маалымдады. Сөзүнүн аягында К.Бакиев 7-апрелде Бишкекте аянттагы элди биринчилерден болуп оппозиция өздөрү атканын, президенттин бөлмөсүнүн терезесине эки жолу ок атылгандан кийин снайперлерди ак үйдүн чатырына чыгарууга мажбур болушканын айтты. “Оппозиция президентке күнөөнүн баарын тагууга аракет кылышууда. Мен элди атууга буйрук берген жокмун”,- деди К.Бакиев.
Учурда К.Бакиевди коргоо боюнча өткөрүлүп жаткан митингге анын бир туугандары Жаныш, Адыл, Акмат Бакиевдер жана мурдагы коргоо министри Бакытбек Калыев да катышууда.

7-апрелде Ак үйдү кайтарган жоокерлер менен снайперлер элге ок атып, андан 79 адам каза болуп, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG