Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Ө. Текебаев: Конституциянын жаңы долбоору элге үч айда сунушталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, жаңы Конституциянын долбоору оппозициялык күчтөр өткөн жылдары негиздеп, эл аралык коомчулукка тараткан концепциянын негизинде даярдалган. Анда башкы өзгөчөлүк – парламенттик республика түзүү. Анын негизинде алты айдан кийин парламенттик шайлоо өтөт.

Президент Курманбек Бакиев тарабынан буга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалган. Андагы негизги өзгөчөлүк - Президенттик кеңешме түзүлүп, бул орган мамлекет башчынын милдетин аткаруучуну аныкташы керек эле. Бирок президенттин бул демилгеси бийликти биротоло мурастап алуу аракети катары бааланып, оппозициянын жана коомчулуктун катуу сынына кабылган.(BuS)

XS
SM
MD
LG