Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Казак оппозиция лидери: Отунбаева эл аралык маалымат согушун уттуруп жатат


Казакстандык "Атамекен" партиясынын сүрүндөгү лидери Роза Отунбаеванын өкмөтү тышкы иштер жана коргонуу министрин Вашингтонго шашылыш жиберүүгө тийиш деп эсептейт. Азаттык менен маегинде Эржан Досмухамедов казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы окуяларды америкалык жетекчилерге тескерисинен көрсөтүшү мүмкүн деп билдирди. Назарбаев ушул күндөрү Вашингтондо өтүп жаткан ядролук куралды чектөө боюнча эл аралык жыйынга катышып жатат жана дем алыш күнү АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушту. Учурда америкалык Оксфорд университетинде юриспруденция боюнча сабак берген Досмухамедов буга чейин Кыргызстандагы окуяларды "нагыз элдик ыңкылап" деп сүрөттөп, Назарбаевдин кыргыздарга акыл үйрөткөнүн сындаган билдирүүлөрдү таркаткан. Ержан Досмухамедов бул окуялар боюнча Вашингтон Пост гезитине түшүндүрмө берип, Барак Обаманын администрациясына атайын кат жөнөткөнүн билдирди. Казакстанда айрым оппозициячыл партиялар Кыргызстандагы соңку окуяларды куштарлануу менен кабылдаган билдирүүлөр менен чыгып келатышат.

XS
SM
MD
LG