Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Ажар Куртов: Кыргызстанда чыныгы улуттук лидер жок


Апрелдеги кандуу каршылык акциялары
Апрелдеги кандуу каршылык акциялары

Орусиялык саясый талдоочулар Кыргызстандагы жагдайга өз баасын беришүүдө. Бүгүнкү маекте «Азия анализи» фондунун эксперти Ажар Куртов ой-пикирин ортого салат.

АЗАТТЫК: - Кыргызстандын 20 жылдык аралыгында экинчи президент элдин массалуу түрдө көчөгө чыгуусунан улам кызматынан четтетилди. Мындай адаттан кантип калтырса болот?

А.КУРТОВ: - Тилекке каршы, сиздин суроо абдан татаал жана оор. Мен мындай кыйын тагдырды башынан өткөргөн Кыргызстандын лидерлери ушуну менен эле токтобойт деп ойлойм. Анын себеби, бул жагдайдан чыгып кетер оңой жол такыр жок. Дегеле эксперттер арасында, анын ичинде орусиялык, көптөгөн жылдар Кыргызстан мамлекеттиги калыпка түшө элек деп ошол туурасында талкуу уланып келет.

Болуп өткөн окуяны баалай келсек, бир гана ташбоор Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы элдин толкуусу болду деген аныктамага кошулуп болбос, мен андан алысмын. Эмне дегенде кайсы бир фактылар мени катуу иренжитти. Эмне себептен, маселен, прокуратуранын имаратын эки жолу өрттөштү? Кантсе да бул прокуратуранын Бакиевдер кланына байланыштыгы бардыгынан болобогондур?

Ачык айтканда, кайсы бир документтерди жок кылуу аракети болду. Кылмыштан улам бетке кармалуучу фактыларды жок кылуу аракети жасалды. Анын пайдасын, албетте, жумурияттын кандайдыр бир кылмыштуу чөйрөсү көрөт. Биздин баамда жаңы бийликти 2005-жылы жазында Акаев кеткендегиден алда канча оор абал күтүп турат.

Эмне дегенде Аскар Акаевди кызматтан түшүргөнгө салыштырганда азыр кыргыз элинин бийликтин убада берип, бирок аткарылбай кала бергенин көп кебинен көөнү калып, ишенбөөчүлүгү кыйла.

АЗАТТЫК: - Анда эмне 20 жыл текке кеттиби? Эмики туура кадам кайсы? Мындан ары эзелки каталыктар кайталанбаш үчүн эмне кылуу керек?

А.КУРТОВ: - Жыйырма жыл текке кетти деп айтпас элем. Канткен менен эгерде Советтер Союзу бар кез менен салыштырсак, анда оң учурлар бар экенин көрөбүз. Социалисттик түзүлүштү башынан өткөргөн муун, албетте, кетип атышат. Анын ордун баскан муун ал кезди билбей калды. Эрки менен аракет кылуу, эрки менен сүйлөп ойлоону кыскан режимди билбей калды.

Экономиканы алсак, элге өп-чап маяна берип, өлбө жаным өлбө менен жашоого жеткидей жан сактоо мүмкүн болчу. Советтер Союзунда кийинки жылдары адам ачкадан өлбөй калган. Азыркыдай жумурияттардан иш издеген гастербайтерлер толкуну болгон эмес. Ошон үчүн жыйырма жыл текке кетти дегенге макул эмесмин. Бирок мурдагы социалистик лагерге кирген өлкөлөр, ал тургай мурдагы союздук республикалар менен салыштыра келсек, анда Кыргызстан – балким ага Тажикстан теңешер – социалдык экономикалык чөйрөдө абдан көп жоготууга душар болду.

Менин байкашымча, бул жагдайды оңдоп кете алгыдай улуттук лидер кыргыз элинде, тилекке каршы, алигиче жок. Мына ушул Кыргызстандын чоң жетишпегендиги. Бир жагынан карасаң жумурият калкы кыйла билимдүү, жогорку окуу жайлары, илимий мекемелери көп өлкө.

Бир жагынан карасаң улуттук деңгээлде өз чөнтөгү менен өз бүлөсүнүн камын жебей, жалпы элдин камын ойлогон чыныгы улутук лидерлери жок.

XS
SM
MD
LG