Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Вашингтондо өзөктүк курал боюнча дүйнөлүк конференция өтүп жатат


Ага 47 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Муну ядролук курал жөнүндө акыркы 60 жылдан берки эң жогорку деңгээлдеги жыйын деп аташты. Конференцияны АКШнын президенти Барак Обама өткөрүп жатат. Ал жыйынга келген бир топ дүйнөлүк лидерлер менен бетме-бет сүйлөшүп, атомдук бомба террористтердин колуна түшүп калбашы үчүн эмне кылыш керектигин талкуулады. Ошол талкуулардан кийин, Украина 2012-жылга чейин өзүндө атомдук курал жасаганга керектелчү бүт материалдарын жок кылаары анык болду. Обама менен жолугушуудан кийин украин президенти Виктор Янукович: "Украина ядролук куралды жайылтпоо боюнча дүйнөлүк кыймылга кошулууну туура көрдү. Кыска мөөнөттө бизде өндүрүлгөн урандын баары Украинадан чыгарылат", - деди ал.

XS
SM
MD
LG