Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Жетим балдар маселеси жөнүндө АКШ менен Орусиянын бийликтери сүйлөшөт


АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү бул үчүн Москвага жөнөп жатышат. Жакында америкалык бир үй-бүлө Орусиядан багып алган жети жашар баланы “ашкере шок, бейбаш бала экен” деп, өзүн жалгыз учакка отургузуп, Москвага жөнөтүп жиберишкен. Муну жума күнү Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров “жырткычтык” деп баалап, “Орусия мындан ары америкалыктарга жетим балдарды бербей коюшу мүмкүн” экенин билдирди. Азыр эми америкалык жетекчилик орус балдарын тарбиялап алган үй-бүлөлөргө жоопкерчиликти жогорулатууну караштырып жатканын айтууда. UNICEFтин маалыматына караганда, Орусияда 740 миңдей жетим бала үй-бүлөлүк камкордукка муктаж.

XS
SM
MD
LG