Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү келет


Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Блэйк Бишкекке келип убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле “14-апрелде Кытай Эл Республикасынан дагы атайын өкүл келет. Алар дагы Кыргызстанга жартам берүү ниетинде. Кечээ убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Түркиянын Тышкы иштер министри менен эки тараптуу мамилелерди арттыруу жана кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал эми Жалал-Абаддагы К.Бакиев өткөрүп жаткан митинг убактылуу бийликтин көзөмөлүндө”,-деди Э.Байсалов. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG