Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Б.Ибраев


Айрым маалымат агенттиктери А.Бекназаров Башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн кээ бир маалымат агенттиктери А.Бекназаровду башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды деген маалымат таратышты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев өзүнүн милдетин аткарып жатканын кабарлады. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров убактылуу өкмөт башчынын прокуратура, сот, салык инспекциясы боюнча орун басары болуп убактылуу милдетин аткарып жатканын, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалбаганын “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG