Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Украина толо байыган уран корун жок кылат


Украина 2012-жылга толо байытылган урандын корун жок кылат. Бул жөнүндө президент Виктор Янукович Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен кездешкен соң жарыялады:

-Украина ядролук куралдарды дүйнөдө жайылтпоо демилгесине кошулуу жана өзүнүн ядролук реакторлорунда жогору байытылган урандын ордуна аз байытылган уранды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды. Чукул мезгилде жеткире байытылган урандын баары Украинадан ташып чыгарылат.

Эки лидер ядролук куралдарды жайылотпоого арналган саммиттен тыш учурда кездешти.

Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин маалымдашынча, бу планды аткарууга АКШ финансылык жана техникалык көмөк көрсөтөт. Ошондой эле, Украинанын толо байытылган уранынын айрым бөлүгү АКШга сактоого жөнөтүлүшү ыктымал.

Канада да пайдаланылган уран таштандыларын АКШга кайтарарын билдирди.

XS
SM
MD
LG