АКШнын федералдык бюджетинин тартыштыгы 2010- фискалдык жылдын биринчи жарым жылында өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 8 процентке азайды. “Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, бюджеттик тартыштыктын кыскарышы салыктан түшкөн кирешенин өсүүсү жана өкмөт мерчемдеген чыгымдардын долбоорлонгондон аз сарпталышы менен түшүндүрүлөт.