Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

С.Сыдыкова менен Ян Кубиш жолугушту


Бүгүн иши токтотулган Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова менен БУУнун Баш катчысынын атайын чабарманы Ян Кубиш жолугушту. Анда жаңы Конституцияны кандай жол менен кабыл алуу керектиги, кандай нормалардын колдонулушу тууралуу сөз болду. Ошондой эле Венеция комиссиясынын эксперттерин катыштырып жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу маселеси каралды. Бул тууралуу иши токтотулган Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Таштемир Чилдебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн Конституциялык сот алардын ишин токтотуу боюнча убактылуу өкмөттүн декретин кабыл алып бирок муну туура эмес деп эсептейт. “Конституциялык соттун ишин токтотуу тууралуу убактылуу өкмөттүн декретин кабыл алууга өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо жана элдин бөлүнүп-жарылуусуна жол бербөө себеп болду”,-дейт Т.Чилдебаев.
Бүгүн убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров Конституциялык сотту таратуу тууралуу убактылуу өкмөттүн декретин жарыялады. (AJ)

XS
SM
MD
LG