Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Сомалиде исламчылар ыр-күүлөрдү уктурууну, кино көрүүнү тыйды


Сомалинин радиостанциялары ыр-күүлөрдү уктурууну, кино көрсөтүүнү токтотту. Бул Сомалинин көпчүлүк бөлүгүн контролдогон исламчыл козголоңчулардын чечими болду. Исламчылар шариятка сыйбаган жосун дешип, аялдарга бюстгалтер кийүүгө тыюу салышты. Сомали өкмөтүнө караштуу жалгыз радиостанция гана музыкалык берүүлөрдү уктурууну улантууда.

1990-жылдары Ооганстан талиптери бийликте турганда да музыкалык уктурууларга тыюу салынган болчу.

XS
SM
MD
LG