Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Туңгуч жаңы конушунун тургуну убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдоду


Айдар Эсенкожоевдин кайрылуусунда Бишкек шаардык жерди пайдалануу иштерин жөнгө салуу боюнча жана кыймылсыз мүлктү каттоо укугу боюнча башкармалыктын ишинин токтотулушуна байланыштуу жана кыймылсыз мүлктөрдү кайра каттоого, юридикалык тараптын кайра каттоосуна карата киргизилген мораторийди кайра карап чыгууну убактылуу өкмөттөн өтүнгөн. Анда мораторийдин кесепетинен Кыргызстандын катардагы миңдеген жаштары үй курууга кредит ала алабай, жаздын алды менен турак-жай куруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышары белгиленген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов болсо мораторий киргизүү маселеси убактылуу өкмөттө жакын арада кайрадан караларын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG