Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Талап-тоноодон келген зыянды мамлекеттик комиссия аныктайт


7-8-апрелдеги талап-тоноолордон жабыр тарткандарга убактылуу өкмөт жардам берет. Талап-тоноодон келген зыянды аныктоо үчүн мамлекеттик комиссия түзүлмөкчү.

7-апрелде ыңкылаптан кийин түндөсү жана 8-апрелде болгон талап-тоноолордон жабыр тарткандарга убактылуу өкмөт жардам берет. Бул тууралуу убактылуу өкмөт башчынын орун басары Темир Сариев ишкерлер менен жолугушууда айтып, мамлекеттик комиссия түзүлөөрүн маалымдады.

Темир Сариев бул маселени мамлекеттик комиссия тыкат карап чыгарын “Азаттыкка” билдирди:

-Мамлекеттик комиссия түзүү боюнча ишкерлер менен сүйлөштүк. Ал комиссиянын алдында түрдүү багыттар боюнча бир топ жумушчу топтор түзүлөт. Алар канчалык тезирээк иштесе, мында мамлекет ишкерлерге кандай жардамдарды бере алаарын аныктап, тактап чыгышат. Ал эми мамлекеттик комиссия Ички иштер министрлиги, тийиштүү уюмдар менен талап- тоноодо ишкерлердин чыгымдарынын көлөмүн тактап, изилдеп чыгышат. Анан экөөнүн чечимдерин бириктирип, өкмөт кандайдыр бир жардам көрсөтүү иш-чараларын кабыл алабыз.

Жолугушууда жабыр тарткан ишкерлер убактылуу өкмөткө өз сунуш, пикирлери айтып, соода түйүндөрүн тезирээк калыбына келтирүү үчүн жардам сурашып, кредит алууда жеңилдиктерди берип, мөөнөтүн узартууну өтүндү.

Ошондой эле жакындап келаткан Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу учурунда чет өлкөлүк туристер үчүн виза жеңилдиктери жана коопсуздук кепилдиктери болсо дешет ишкерлер.

Токмок шаарындагы талап-тоноодон жабыр тарткан ишкер Рысбек Шамырбеков:

-Чоң соода дүкөнү менен бир нече ишкер үй-бүлөөбүздү багып жүргөн элек. 7-апрелде алты жүздөй адам дүкөндү талап-тоноп, талкалап, абдан чыгым кылып кеттишти. Арабызда кредит алгандар, карызга товар алып соода кылгандар да бар эле. Ошондуктан өкмөттөн жардам болсо дейбиз.

Кыргызстандын “Ишкер ижрачылар” уюмунун жетекчиси Бурулкан Усубакунованын айтымында, 7-8-апрелде талап-тоноодон жабыр тарткан 573 ишкер расмий каттоодон өткөн. Бишкекте учурдагы эсептөөлөргө ылайык 6 соода түйүнү эле 7 миллион долларга жабыр тарткан.

-Учурда талап-тоноого туш болгон 573 ишкерди тактадык. Бишкекте 6 соода түйүнү эле 7 миллион долларга жабыр тарткан. Ал эми жалгыздап иштеген жеке ишкерлер да көп эмеспи. Алардын көбү талап-тоноолор боюнча каттоого алына элек. Алардын чыгымдарын тактоо көп убакытты, түйшүктү талап кылат. Негизинен ыңкылапка катышпаган жаштар талап-тоношту. Беш жыл мурдакы талап-тоноо фактылары боюнча деле эч бир адам жазага тартылган эмес,- деди Бурулкан Усубакунова.

Бишкекте 7-апрелде «Караван», «Бета Сторес», «Дордой-Плаза», «Гоин» ири дүкөндөр толугу менен талап-тонолуп, "Vefa" соода борборуна кол салуу болгон. Талап-тоноочулар бардык буюм-тайымдарды дүкөндөрдөн чыгарышып, унааларга жүктөп, талап кетишкен. Негизинен "Народный" деген дүкөндөр түйүндөрдүн көпчүлүгү талкаланып, тонолгон.

Акыркы маалыматтар боюнча ишкерлер менен талап-тоноочулардын ортосунда атышуу фактылары да катталып, жеке менчигин коргогон ишкерлерден жарадар болгондор да бар.

Учурда өлкөнүн мыйзамынын чегинде коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Белгилүү ишкер Райхан Алкановдун пикиринде талап-тоноо фактыларын, чыгымдарын тактоо зарыл:

-Айрым ишкерлер чыгымдарды атайын көбөйтүп айтып, каржы жагынан кыйналып турган убактылуу өкмөттү жарга такашы ыктымал. Ошондуктан жардам бергенден мурда атайын комиссия чыгымдарды тактоо керек. Ишкерлер кыйынчылыкты элге кызмат кылууга бел байлаган өкмөттү дагы колдоого алып, ар кандай жеңилдик бер дегенибиз туура эмес болоор.

Айрым ишкерлер, сатуучулар сактанып, дүкөндөрүн коопсуздук кызматы менен бирге түнү менен көзөмөлдөп чыгышты.

XS
SM
MD
LG