Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

М.Бакиев Латвияда экендиги тууралуу маалымат тарады


13-апрелде Латвиянын улуттук LETA.Lv агенттиги бийликтен кулатылган кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев Латвияда экендиги тууралуу маалымат таратты. Анда аталган агенттик ишенимдүү булактарына таянып М.Бакиевдин Латвияга барышы Латвиянын Тышкы иштер министрлигинде талкуулангандыгы айтылат.
Латвиянын Тышкы иштер министри Maris Riekstins (People's Party) М.Бакиевдин Латвияда экендиги тууралуу маалыматты тастыктаган да, четке каккан да эмес. Ал М.Бакиевге Латвиянын консулдук кызматы виза бербегенин, эгер башка мамлекеттен Шенген визасын алган болсо М.Бакиев Латвияда калышы мүмкүн экендигин айткан. Маалыматта М.Бакиев латвиялык банкир Валерий Белоконь менен "Maval aktivi" компаниясына өнөктөш экендиги айтылат.

Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ретс Плезумс менен “Азаттыктын” кабарчысы байланышканда, ал бул маалымат боюнча "министрдин айткандарын жокко чыгара да албайм, тастыктай дагы албайм",- деди.
Ал эми аталган агенттик бул маалыматты ишенимдүү булактан алгандыгын, алардын телефонун беришпестигин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.
Беларусь республикасынын Минск шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Латыш Республикасындагы жана Литва Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилиги "Азаттыкка" бул боюнча маалыматтары жоктугун айтышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG