Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Сүлүктүдө табият кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү


11-апрель күнү катуу жааган жаандан Сүлүктү шаарынын Бөкөнбаев кварталында бара жаткан жеңил автоунааны сел алып, 6 адам каза болгон. Анын төртөө жаш балдар болушкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук убактылуу аткаруу бийлигинен 13-апрелде билдиришти.
Баткен областынын убактылуу аткаруу комитетинин башчысынын 1-орун басары Абубакир Имаров Сүлүктү шаарында табият кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөрдүн үйүндө болуп, каза болгондорго куран окутуп көңүл айтты. Ошондой эле аларга азык-түлүк жана акчалай жардам тапшырды. (JsA)


XS
SM
MD
LG