Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп алды деп жек көрүндү болгон бийликтин кан төгүү менен кулашын өлкөнүн авторитардык коңшулары Кыргызстандын өз иши деген болушууда. Бирок Казакстанда оппозиция ачык эле Президент Назарбаевдин «хандык» бийлигин кулатууга чакырып жатышат.

Ал эми Түркмөнстанда мамлекет башчысы Аскердик академияга барып, бута атканын түркмөн өкмөтүнүн кыргыз окуяларына кыйыр жообу катары баалашууда.

Кээде жооптун жоктугу эң күчтүү жооп болот экен. Айтылган Кыргызстандагы окуяларга карата коңшу бийликтердин реакциясына же кээде анын жоктугуна тиешелүү.

Түркмөнстанда бийлик кыргыз жергесиндеги кырдаалды караманча билмексенге салды, Казакстандын президенти кыргыздар жакыр-жалчы болгонунан дүрбөп жатат деген таризде сүйлөдү, бирок казак оппозициясы Кыргызстандагы окуяларга ачык колдоо билдирүүдө.

Казакстанда киши колдуу болголн оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбаевдин дагы эки киши менен өлүгү, Феврал, 2006-жыл.

Казакстандын оппозициядагы "Ата Мекен" партиясы 7-апрелди «элдик ыңкылап» деп баалап, Борбор Азиядагы башка «хандык режимдердин» да күнү бүтүп баратат деген билдирүү менен чыкты. Мындай мазмундагы билдирүүлөрдү "Алга", Социал-демократиялык партиялар да таркатып жатышат. "Ата Мекен" партиясынын жетекчиси Ержан Досмухамедов Азаттыкка Кыргызстандагы «элдик ыңкылап» коңшу өлкөлөргө да жайылат деген ишенимин мындайча билдирди:

- Анти-демократиячыл, өз камын гана ойлогон канкор бийлик аркыр аягы кулабай койбойт. Эгер бүгүн Казакстанда бийлик нефте-долларга чөмүлүп, кен байлыктын эсебинен марып жатат, жетекчи кызматкерлерди паранын күчү менен алдаштырып, бийликке жакпаган ой-пикирди кысымга алган репрессивдик аппаратты (акчанын күчү менен) кармап турат. Бирок эң капсалаң замандарда да Спартак менен Бообек өңдөнгөн эр жүрөк шерлердин аң-сезиминде адамдык намыс сезимдери ойгонгон.

Президент Назарбаев 8-апрелде эле Евронюстан чыгып, «Казакстанда киши башына киреше жылына 8 миң доллар, Кыргызстанда 800 доллар, кептин баары ушунда» деп, Кыргызстандагы соңку окуяларды экономикалык каатчылык менен түшүндүрүүгө далалаттанган эле. Ушуга байланыштуу, Досмухамедов Назарбаевди «кыргыз элин басынтат» деп айыптады.

Ал эми Сенаттын мүчөсү Есимов Азаттыкка Кыргызстандагы окуялар Казакстандагы кырдаалга таасир тийгизе албайт деди:

- Бизде (Кыргызстандагыдай) бийликтин алсыздыгы, идеологиянын алсыздыгы жана ыплас оппозициялык күчтөр Казакстанда жок. Күч менен бийликке келе турган замандар өтүп кеткен.

Казакстан ушинтип буркан-шаркан түшүп жатса, Түркмөнстанда адаттагыдай эле жымжырт. Ашхабаттан жазуучу Бугаев Аманмурат өлкөдө теле-радио, гезиттерде бул тууралуу эч кандай кабар жок экенин билдирди.

Бирок түркмөн бийлигинен кыйыр реакция жок эмес. Азаттыктын түркмөн кызматынын өкүлү Розназар Кудайберди мага буларды баяндады:

- Кыргызстандагы окуялардан кийин түркмөн президенти өлкөнүн Аскердик академиясына барып, бута атты. Жергиликтүү байкоочулардын пикиринде, түркмөн сыналгысына көрсөтүлгөн бул кадрларды «эгер Түркмөнстанда бийликке каршы аракет болсо, өкмөт аны куралдын күчү менен басууга даяр экендигинин далили» деген мааниде комментарийлеп жатышат.

Азаттык менен маегинде журналист түркмөн эли 1995-жылы бийликке каршы көтөрүлгөндө, анын катышуучулары камалып, кыйноого алынып, дайынсыз жоголгондугун, ошондон түркмөн элинин жүрөгү үшүп калгандыгын билдирди. Ал Түркмөнстанда сателлит сыналгысы кеңири колдонулгандыктан, Кыргызстандагы окуялар тууралуу элдин кабары бар экендигин белгилеп, бирок жакын арада бир кыймыл болот деп эсептебейт:

- Кыргызстандагы окуялар Түркмөнстанга да таасир этпей койбойт, бирок азырынча түркмөн элинен кандайдыр бир козголууну күтүүгө болбойт.

Тажикстан менен Өзбекстанда бийликтер бул Кыргызстандын жеке иши деген менен чектелишти. Өзбек бийликтери Орусияда Полша президенти Лех Качинский менен кошо 96 кишинин өлүмүнө көңүл айтты, бирок Кыргызстандагы толкундоолордун мезгилинде өмүрү кыйылган 80ден ашык киши боюнча Ташкен өкмөтү үн ката элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG