Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

“Акжолчу” депутаттар президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүштү


Жогорку Кеңештин “Ак Жол” фракциясындагы 14 депутат Курманбек Бакиевге парламент тарабынан импичмент жарыялоо аркылуу аны президенттик кызматтан алуу жөнүндө убактылуу өкмөткө сунуш жолдошту. Мындай жол менен алар убактылуу өкмөттү легитимдүүлүгүн чыңдоого жана кырдаалды жакшыртуууга жардам көрсөткөн жатышат. Импичмент демилгесин колдогон депутаттардын арасында Аскар Салымбеков, Галина Куликова, Жангороз Каниметов, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Молдобаев ж.б. бар. Депутат Бегалы Наргозуев “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, ушундай жол менен өлкөдөгү кырдаалды конституциялык талаага кайтарып келүү зарыл болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, Т. Үмөталиева баш болгон укук коргоочулар ортого түшүп, депутаттар менен сүйлөшүп, К. Бакиевди парламент аркылуу элдин атынан импичмент жарыялап президенттик кызматтан алуу боюнча башталган ишке башка депутаттарды тартуу боюнча да аракет болуп жатат. Президентке импичмент жарыялоо үчүн депутаттар корпусунун үчтөн экисинен кем эмес санда добуш берилиши керек. (KC)

XS
SM
MD
LG