Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

ИИМ чагымчылардын маалыматына ишенбөөгө чакырат


Кыргызстандын аймагында баш-аламандык болуп жатыптыр, атышуу болуптур, Бишкектин көчөлөрүндө автоунаа менен баратып атып кетип жатышыптыр, деген ар-кандай айың кептерди чыгарган чагымчылардын сөзүнө ишенбөө зарыл. Бул тууралуу Ички иштер министрилигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ Ош базарында атышуу болду деген маалымат чындыкка коошпойт. Учурда Бишкек шаарынын жана башка республиканын аймагында кырдаал жөнгө салынып, тартип коргоо органдары коомдук тартипти сактап өз милдеттерин аткарышууда, дейт Р.Ахмедов. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG