Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Таласта жеке колго кеткен куралдарды кайтарууга аракет көрүлүп жатат


Таласта элдик бийлик каршылык акциясы учурунда жеке колдорго өтүп кеткен куралдарды кайтарып алуу жолдорун коомчулук өкүлдөрүн чакырып талкуулап жыйын өткөрдү. Ишкерлер кайтарылган ар бир куралга акчалай сыйлык берүүнү сунуш кылышты. Ооган согушунун катышуучулары мындай чара мыйзамсыз болуп калат деп каршы болушту.

Бүгүнкү күнгө карата облус боюнча бир РПК пулемет, 7 пистолет, Калашниковдин 12 автоматы, 4 винчестер мылтык жана 350дөн ашык ок укук коргоо органдарына кайтарылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн Талас шаары боюнча координатору Сирен Шейшенов билдирди.

XS
SM
MD
LG