Эки күндөн бери Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинин 80ге чукул мугалимдери мурдагы ректор Миталип Таировго каршы чыгууда. “Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунун кичине формасы аталган жогорку окуу жайда толук кайталанган” деп нааразы болгондор университетте координациялык кенешме өткөрүп, окуу жайды убактылуу жетектөө үчүн кеңешменин 7 мүчөсүн жана төрагалыкка физика-математика илимдеринин доктору, профессор Исламидин Ташболотовду шайлашкан. Алар мурдакы ректордун окуу жайдагы кадрдык -финансылык иштериндеги мыйзам бузууларга жана Бакиевдин аймактагы ишенимдүү өкүлү болуп туруп жасаган аракеттерине нааразылык билдирип, жергиликтүү аткаруу комитетине жана Билим берүү министрлигине ректорду алмаштыруу жөнүндө кайрылуу жолдошту. (JsA)