Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

И.Исаков Мамдеп өкүлү менен жолугушту


Бүгүн Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Чыгыш Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк менен жолугушту. Бул тууралуу кабарлаган Коргоо министринин милдетин аткаруучунун орун басары Кубанычбек Орузбаевдин айтымында, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты улантуу, экономикалык-гуманитардык маселелер козголгон. Р.Блэйк буга чейин болуп келген америка-кыргыз кызматташтыгын мындан ары арттыруу тууралуу айтып, Кыргызстандын аймагында коалициялык күчтөрдүн Транзиттик борбору жайгаштырылганына ыраазычылык билдирди.
Ал эми Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков болсо Кыргызстан АКШ өкмөтүнөн экономикалык-гуманитардык, каржылык, күйүүчү май жагынан жардамга муктаж экендигин белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG