Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

«Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси кайрылуу жолдоду


Анда Кандуу окуялардын курмандыктарынын жакындарна көңүл айтып, убактылуу өкмөткө бир катар талаптарды койду. Алар: К.Бакиевди кол тийбестиктен ажыратып сот жообуна тартуу, кандуу кыргынды уюштургандардын бардыгын издеп таап, жасаган күнөөсүнө жараша жазага тартуу, 7-8-апрелде каза болгондордун элесин элдик баатырлар катары эскерүү, жабыр тарткан ата-энелерге материалдык олуттуу көмөк көрсөтүү, каза тапкан жарандардын балдарына жөлөк пул жана окуусуна стипендия чегерүү.

Ошондой эле “убактылуу өкмөт өз ишин калк алдында кечирим суроодон баштоого тийиш. Азыркы бийлик дагы Ак үйдүн жетинчи кабатына кан кечип келгенин эсинен чыгарбоого, жаңы өкмөт пейили таза, ниети ак болсо, жарааттын орду жабылсын десе, жаңы саясатчыларга, жаштарга орун бошотсун”,-деп айтылат кайрылууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG