Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Орусия Кыргызстанга жардам берет


Бул тууралуу ИТАР-ТАСС агенттиги маалымат таратты. Анда Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Кыргызстандагы окуя ал өлкөнүн ички иши экенин, бирок Орусия мындай оор кырдаалда көмөк көрсөтөрүн билдирген. Маалыматта Орусиянын каржы министри Алексей Кудрин кыргыз делегациясы менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгын В. Путинге билдирип, Орусия Кыргызстанга 20 миллион доллар грант, 30 миллион доллар жеңилдетилген кредитти гуманитардык жардам катары берүүгө даяр экендигин маалымдаган.
Вице-премьер Игорь Сечин болсо Кыргызстанга 25 миң тонна күйүүчү май, 1,5 миң тонна үрөн жакын арада жөнөтүлөөрүн айткан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG