Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Бишкек: айрым милиция кызматкерлери нааразылык акцияга чыгат


Бүгүн Бишкектеги эски аянтта айрым милиция кызматкерлери нааразылык акция уюштурганы жатышат. Маалыматка караганда алар тартип коргоо органдарынын укуктарынын корголбой жатышына нааразы. Ошондуктан милиция кызматкерлери экенин тастыктаган күбөлүктөрүн тапшырганы жатышат. Ички иштер министрлиги бул маалыматты азырынча тастыктай элек. Апрелдеги ыңкылап учурунда эки милиция өлгөн, дагы жүздөгөн тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алышты. Убактылуу өкмөт тополоңдо жабыркаган милиция кызматкерлерине жана үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүлөрүн билдирген болчу. 7-апрелде бийликке келген убактылуу өкмөт ички иштер министринини милдетин аткаруучу кылып "Ата-Мекен" партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязовду дайындаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG