Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Убактылуу өкмөткө макамын ЖК аркылуу бекитүү сунушталып жатат


Укук коргоочулар кеңеши убактылуу өкмөттүн макамын Жогорку Кеңештин жардамы менен бекитип алууну сунуштап билдирүү таратышты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курмановду кызматынан бошотуп, анын ордуна убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева шайланышы керек. Конституциялык реформа тууралуу маселе парламенттин талкуусуна коюлуп убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев башында турган конституциялык кеңешме түзүлүшү зарыл. Убактылуу өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттары азырынча мындай сунуш боюнча пикирин билдирише элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG