Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Ыңкылаптагы кагылышууда каза болгон эки адамдын сөөгү коюлат


Ушул тапта апрелдеги кандуу кагылышта оор жаракаттан каза болгон Рустам Шамбетов менен Шабданбек Кунакуновдун сөөгү Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлганы жатат. Бул тууралуу утурумдук өкмөттүн өкүлү Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" билдирди. Бишкектин тургуну Р.Шамбетов мурда темир жол тармагында проводник болуп иштеп жүрүп, кийин жумуштан бошотулуп калган. Ш.Кунакунов Балыкчы шаарында жашачу.

Ушуну менен апрель ыңкылабында кагылышууда каза болгондордун саны 85ке жетти. Кагылышууда баш-аягы миңден ашык адам ар кандай жаракат алган. Алардын 543ү Бишкектин ооруканаларында дарыланып жатат. Ал эми каза болгондордон эки адамдын сөөгү аныктала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Азаттыкка” кабарлады. (AiJu)

XS
SM
MD
LG