Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Жанар Түндүк Европада авиакаттамдарды токтотту


Исландияда жанар атканга байланыштуу Түндүк Европанын көпчүлүк бөлүгүндө авиакаттамдар токтоду. Жанар абага чачкан күлдөн улам Британия, Швеция, Норвегия, Финляндиядан, ошондой эле Лондон, Манчестер, Бирмингем, Белфаст, Обердин, Глазго жана Эдинбург шаарларынан көптөгөн рейстер учкан жок. Лондондун Хитроу жана Гэтуик аэропортторунан көтөрүлбөгөн учактардын саны 250дөн ашты. Трансатлантикалык авиакаттамдардын көбү да токтотулду.

Шаршемби күнү жарылган жанар муздарды ээритип, Исландиянын түштүгүндө суу каптоолор болууда.

XS
SM
MD
LG