Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Россия ТИМи Кыргызстандагы жагдайга байланыштуу билдирүү жасады


Бейшемби күнү Россия Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Министрликтин өкүлү Андрей Нестеренко Москвадагы брифингде Кыргызстандын утурумдук өкмөтү үчүн жарандык согушка жол бербөө жана бийликти калыбына келтирүү маанилүү экенин белгиледи:

- Бүгүн эң негизги милдет зобун-зордуктардын граждандык согушка өтүп кетпөөсүнө жол бербөө, мамлекеттик башкарууну калыбына келтирүү жана бийлик институттарын легитимдештирүү.

Нестеренко Кыргызстандагы Россия жарандарынын арыздарына да токтолду:

- Акыркы мезгилде рейдерлик басып алууларга, компаниялардын кеңселерине жана турак-үйлөрүнө кол салууларга байланыштуу биздин Бишкектеги элчиликке Россия жарандарынан жана мекендештерибизден көп сандаган кайрылуулардын түшкөнү бизди олуттуу тынчсыздандат.

Нестеренко брифингде Россия Кыргызстанга социалдык төлөмдөр үчүн 20 миллион доллар берүүнү чечкенин жана 30 миллион доллар жеңилдетилген кредит сунуш кылаганын, дагы 25 миң тонна мунай заттарын жана 1 500 тонна үрөн жөнөтүлөрүн айтты. Ошондой эле “Балким Россия жардам ирети Кыргызстандан демейдегиден көп жашылча-жемиш сатып алат”, деп кошумчалады ал.

XS
SM
MD
LG