Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Баткенде өткөн жылга салыштырмалуу көп салык жыйналды


Аймакта быйыл өткөн жылга караганда 19 млн. сомго көп салык жыйналды. Мындай маалыматты облустук акимчиликтин экономиканы өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо бөлүмүнөн бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Облус боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жыйноо19 млн. сомго, өнөр жай өндүрүшү 200 млн. сомго көп болгон. Акимчилик кызматкери мунун себеби аймакта өндүрүш мекемелеринин жандануусунан көрсөткүч жогорулагандыгын айтат. Ал эми көз карандысыз үнөмчү Сабыржан Муктаров быйылкы жылда мамлекетке алынуучу жыйым төлөмдөрдүн кымбаттоосунан ушундай болду, эч кандай жаңы ири өндүрүш ишканасы ишке кирбегенин айтат. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG