Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Бакиев президенттик кызматын тапшыруу жөнүндө арызын жазды


Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов Курманбек Бакиев президент кызматынан кетүү жөнүндө арызын жазып бергенин "Азаттыкка" билдирди. Курманбек Бакиев өзү болсо бүгүн кечинде Жалал-Абаддагы аба майданына конгон атайын аскердик учак менен Кыргызстандан чыгып кетти. Соңку кабарларда мурдагы коргоо министри Бакыт Калиев менен К. Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев кармалганы айтылууда.

Курманбек Бакиевдин Кыргызстанды таштап кетүүсү тууралуу биринчи болуп Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы, Казакстандын Мамлекеттик катчысы жана Тышкы иштер министри Канат Соодабаев атайын билдирүү жасады.

“Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама жана Россия президенти Дмитрий Медведевдин биргелешкен аракетинин, ошондой эле ЕККУ жана Улуттар Уюму менен Европа Биримдигинин активдүү арачылыгы менен Кыргызстандын убактылуу өкмөтү жана президент Курманбек Бакиев ортосунда аны өлкөдөн сыртка жөнөтүү тууралуу келишим түзүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

ЕККУнун учурдагы төрагасынын атынан жасалган бул билдирүүдө Бакиевдин Ата Журтунан чыгып кетүүсү “Кыргызстандагы кырдаалды турукташтыруудагы, мыйзамдуулукту калыбына салуудагы жана граждандык согушка жол бербөө үчүн маанилүү кадам” деп белгиленет.

Бардык саясый күчтөр “бүтүндөй кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн өлкөдөгү стабилдүүлүктү, коомдук тартипти, мыйзамдуулукту камсыздоого жана мүмкүн болушунча тездик менен социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө” чакырылат. Ошондой эле “Кыргызстандагы кырдаалдын тынч демократиялык жол менен өнүгүүсү үчүн ЕККУ жардамдашууга даяр” деп айтылат Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун атайын билдирүүсүндө.

Мурдараак Курманбек Бакиев ага Белорус президенти Александр Лукашенко саясый баш паанек сунуш кылганын, бирок андан “баш тарттым” дегенин Россиянын бир катар маалымат булактары кабарлаган.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов Бакиевдин өлкөдөн сыртка чыгып кетиши АКШ, Россия жана Казакстандын мамлекет башчылары жана эл аралык уюмдар менен көп күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы экенин белгилеп, мындай чечим өлкөдөгү элдин тынчтыгы үчүн кабыл алынганын билдирди.

"Алардын биринчи сунушу - К. Бакиевди бир туугандары, алардын үй-бүлөлөрү, мурунку министрлери менен толук качырып жөнөтүү боюнча айтылган. Убактылуу өкмөт буга караманча каршы болуп, макулдук берген жокпуз. Мындай сунуштар төрт-беш күн мурда эле түшкөн. Чоң державалардын өкүлдөрү бир канча жолу Роза Исаковна Отунбаевага телефон чалып, басым көрсөтсө да биз андай чечимди кабыл алган жокпуз. Бирок бүгүн Ошто абдан катуу коркунучтуу кырдаал түзүлүп калгандыктан, ЕККУнун сунушу менен, АКШнын президенти Барак Обама, Россия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, ошондой эле Европа Биримдигиндеги жетекчилердин сунушу, суранычы жана талабы боюнча ушундай чечим болду. Алар Курманбек Бакиевди качырдык деп ойлобогула, биз силерде бейпилдикти сакташ үчүн аны сыртка чыгара туралык, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин атайын санкциясы менен эл аралык тергөө жүрүп, анын жыйынтыгы боюнча К. Бакиевдин күнөөсү аныкталса, дүйнөнүн кайсыл гана бурчунда болбосун кармалып жоопко тартылат деген кепилдик берилгенден кийин гана К. Бакиевди убактылуу чыгарганга уруксат берилди,- деп айтты Эдил Байсалов.

Убактылуу өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, К. Бакиев өлкөдөн өзү гана жалгыз чыгып кетти. Анын жанында коштоп жүргөн бир туугандарынын эч кимиси кошо кеткен жок.

Президент К. Бакиев бүгүн күндүзү Ошко барып, элден колдоо таппай чыгып кеткен. Оштогу борбордук аянтта элдик курултайга чогулгандар президентке эл алдына чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева бүгүн билдирүү менен чыгып, президент К. Бакиевди “Кыргызстандын элин экиге бөлүп-жарууну улантууда" деп айыптаган.

Эдил Байсалов ошондой эле мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев кармалганын да билдирди. Андан соң расмий эмес булактардан Жаныш Бакиевдин кармалганы жөнүндө кабар түштү.

Кыргызстандын бийликтери мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев менен президенттин иниси Жаныш Бакиевди кармоо операциясын баштаганы мурдарак белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG