Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

ЕККУ президент Бакиев Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди


Президент Курманбек Бакиев Кыргызстанды таштап кетүүсү тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы, Казакстандын Мамлекеттик катчысы жана Тышкы иштер министри Канат Соодабаев атайын билдирүү жасады.

“Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама жана Россия президенти Дмитрий Медведевдин биргелешкен аракетинин, ошондой эле ЕККУ жана Улуттар Уюму менен Европа Биримдигинин активдүү арачылыгы менен Кыргызстандын убактылуу өкмөтү жана президент Курманбек Бакиев ортосунда аны өлкөдөн сыртка жөнөтүү тууралуу келишим түзүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

ЕККУнун учурдагы төрагасынын атынан жасалган бул билдирүүдө Бакиевдин Ата Журтунан чыгып кетүүсү “Кыргызстандагы кырдаалды турукташтыруудагы, мыйзамдуулукту калыбына салуудагы жана граждандык согушту болтурбоодогу маанилүү кадам” деп белгиленет.

Бардык саясый күчтөр “бүтүндөй Кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн өлкөдөгү стабилдүүлүктү, коомдук тартипти, мыйзамдуулукту камсыздоого жана мүмкүн болушунча тездик менен социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө” чакырылат. Ошондой эле “Кыргызстандагы кырдаалдын тынч демократиялык жол менен өнүгүүсү үчүн ЕККУ жардамдашууга даяр” деп айтылат Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун атайын билдирүүсүндө.

Курманбек Бакиев Бишкек убакты боюнча кечки саат жетиден өткөндө Жалал-Абаддан Казакстанга учуп кеткенин "Азаттыктын" кабарчысына президенттин тегерегиндеги кишилердин бири тастыктаган . Бирок Бакиев менен кошо кимдер кеткени белгисиз.

Мурдараак Курманбек Бакиев ага Белорус президенти Александр Лукашенко саясый баш паанек сунуш кылганын, бирок андан “баш тарттым” дегенине Россиянын бир катар маалымат булактары кабарлаган.

XS
SM
MD
LG