Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:18

Курманбек Бакиев президенттик кызматтан кетүү жөнүндө арызын берди


Бул маалыматты Рейтер агенттиги Кыргызстандын убактылуу өкмөтүндөгү булактарга таянып билдирди. Курманбек Бакиев бүгүн кечинде атайын аскердик учак менен Жалал-Абад шаарынан Казакстанга учуп кетти. ЕККУ тараткан билдирүүдө “Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама жана Россия президенти Дмитрий Медведевдин биргелешкен аракетинин, ошондой эле ЕККУ жана Улуттар Уюму менен Европа Биримдигинин активдүү арачылыгы менен Кыргызстандын убактылуу өкмөтү жана президент Курманбек Бакиевдин ортосунда аны өлкөдөн сыртка жөнөтүү тууралуу келишим түзүлдү”, - деп айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG