Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын өкүлү Мирзат Ажиев билдирди. Анын айтымында, жаштар өлкөдөгү соңку окуяларга баа берип, абалды жакшыртуунун жолдорун сунушташмакчы. 2009-жылдын башында “KG жаштары” саясий клубу “Кебел” кыймылы болуп түзүлгөн. Аталган кыймыл жаштарды активдештирүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. (EBM)