Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Р.Отунбаева: Курманбек Бакиев жазадан качып кутулбайт!


Бүгүн Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева кыргыз элине кайрылуу жасап, мурдагы президент Курманбек Бакиевди өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуп, аялдар менен балдардын артына корголоп алып Кыргызстанды бөлүп жарууга аракет жасады деп айыптады. Күч структураларынын К.Бакиевди кармоого толук мүмкүнчүлүгү бар болгону, бирок бул кан төгүүгө алып келиши мүмкүн болчу деп белгиленет кайрылууда. Мындай коркунучту эске алып, убактылуу өкмөт Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугунда жана Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама, Орусиянын башчысы Дмитирий Медведевдин кийлигишүүсү менен кескин чараларды көрүүнү чечти. Башкача айтканда К.Бакиевди өлкөдөн чыгаруу чечилди.
Кайрылууда белгиленгендей, утурумдук өкмөт апрелдеги окуяларды иликтөө үчүн эл аралык комиссияны уюштурат. Ал эми ошол иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча К.Бакиев мыйзам алдында жооп берүүгө даяр. Бул маселеде утурумдук өкмөт ири державалардын башчыларынын колдоосун тапкан. "Апрелдеги массалык адам өлтүрүүгө тиешеси бар адамдардын баары жазага тартылат. К. Бакиевдин жакындарынын бири дагы өлкөдөн чыгып кеткен жок жана алардын айрымдары кармалды",-деп айтылат Р.Отунбаеванын кайрылуусунда.

Кечээ кечинде Курманбек Бакиев атайын аскердик учак менен Жалал-Абад шаарынан Казакстанга учуп кеткен.
(AiJu)

XS
SM
MD
LG