Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин кийим сатып алуунун өзгөчө борборлору, атап айтсак секонд хенддер пайда болду. Батыш өлкөлөрүндө мурда кийилген кийимдер Кыргызстанда күн өткөн сайын өз ордун бекемдеп келе жатат. Учурда секонд хэнд кийимдери кандай суроо талапка ээ? Жаштар эмне үчүн секонд хэнд кийимдерин сатып алышат?

"Секонд хэнд" англис тилинен которгондо экинчи кол деген мааниге келет. Батыш өлкөлөрүндө, мурда колдонулган бардык буюм-тайымдарга мындай ысым ыйгарыла берет. Негизинен секонд хэнд кийимдери үч жол менен жыйналат. Биринчиси, кайсы бир үй-бүлөлөр тарабынан чогултулат. Үй-бүлө мүчөлөрү кийилбеген кийимдерин атайын борборлорго өткөрүп берет.

Экинчиси, кийимдерди атайын көчөлөргө орнотулган контейнерлерге таштоо ыкмасы. Ал эми үчүнчү ыкмасы, мектеп окуучулары аркылуу ишке ашат. Натыйжада чогулган кийимдер атайын фабрикаларда санитардык тазалоодон өткөрүлөт. Андан кийин муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Кыргызстанда мындай кийимдер сатыла турган бир нече дүкөндөр бар. Бул дүкөндөрдөн кийинген адамдар да аз эмес. Алардын бири Медербек Шералиев көпчүлүк кийимдерин секонд хэнд дүкөндөрүнөн сатып алат:

- Ал жакта сапаттуу кийимдер бар. Биздин базарда сатылгандар көбүнчө Кытайдан келет же бул жердин сапатсыз кийимдери. Секонд хэндге ишенем, кийимдерин көрдүм. Чындыгында эле ишене аладыр сапаттуу болгонуна. Анан бир жакшы жери бул кийимдер арзаныраак да болот.

Медербек секонд хэнддеги кийимдердин арзан болушу кардарларды өзүнө таркан негизги көрсөткүч экендигин белгилейт. Мындан сырткары экинчи сапаттагы кийимдерди кийип жатам деп намыстануунун кереги жоктугун айтат:

- Сен оригиналды бир фирмалык дүкөнгө барып сатып алам десең өтө эле кымбат. Ал жерге барсаң колдонулганы менен ошол эле марканы арзан алууга мүмкүн. Мен уялбайм. Алган кийимдеримди ачык эле секонд хэнд деп айта алам.

Секонд хэнд кийимдери көбүнчө Европа өлкөлөрүнөн келет. Мындай кийимдерди чогултуп бизнеске айландыргандардын ичинен Финляндия алгачкы орунда турат. Аталган өлкөдө бир жылдын ичинде 6 миллион килограммга жакын кийим-кечек чогултулат. Жакыр өлкөлөргө кийим жөнөткөн өлкөлөрдүн катарына Англия да кирет.

Аталган өлкөдөн келген кийимдер сатылган Бишкектеги Англия дүкөнүнүн сатуучусу Надежда Петрова дүкөнгө жаштар гана эмес, орто жаштагылар да, ал түгүл белгилүү, бай адамдар да келе тургандыгын айтат:

- Биринчиден, бул жерде кийимдер сапаттуу. Экинчиден, бизде кийимдер белгилүү фирмалардыкы. Англиядан келген бул кийимдерди кардарлар арзандыгына жана сапатына карап алышат. Бизге жаштар, студенттер көп келишет. Мындан сырткары орто жаштагы колунда бар, белгилүү адамдар да биздин дүкөндөн кийинишет. Натыйжада кардарлар биздин кийим-кечектин сапатына толук канааттанышат.

Надежда Петрова көбүнчө жаштардын секонд хэнд дүкөндөрүнөн кийим сатып алышын дүкөндө белгилүү кийим бренддеринин болушу менен түшүндүрөт. Ошол эле учурда кадимки жаңы кийимдерди саткан дүкөндөрдүн кээ бир сатуучулары эски кийимдердин сатылышын туура эмес деп эсептешет. Бишкектик сатуучу Анна Фролова секонд хэнд кийимдерин саткан дүкөндөр туурасында мындай дейт:

- Чындыгында секонд хэнддерге барып көргөн эмесмин. Бирок ал жерде таптакыр эле эскирген кийимдердин сатылаарын билем. Мен мындай нерсеге каршымын. Жаңы кийимдерди эле алган оң. Мен эски кийимдерди саткандарды дүкөн деп эсептебейм.

Мындан сырткары секонд хэнд кийимдеринен ар кандай инфекциялык оорулар жугушу мүмкүн деген ойлор да калк арасында бар. Мындай сөздөр мындан бир канча жыл мурда Молдавияда пайда болуп, өлкө бийлиги эски кийимдерди сатууга тыюу салган. Бирок элдин мындай кийимдерге болгон суроо талабынын көп болгондугунан кайра киргизүүгө аргасыз болгон.

Кыргызстанга келген эски кийимдер эч кандай коркунуч туудурбайбы? Сатылып жаткан кийимдер санитардык изилдөөлөрдөн өтүшү керекпи? Бул өндүү суроолор менен Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Төлөн Исаковго кайрылдык:

- Чет өлкөдөн алынып келинген, колдонулган буюмдар, шым болобу, костюм болобу, көйнөк болобу, алардын баары тең биздин лабораториялык көзөмөлдөн өтпөйт. Себеби буга байланыштуу 2007-жылдын 12-мартында №74 өкмөттүн токтому менен бул кабыл алынган. Бул токтомдо колдонулган буюмдар лабораториялык эспертизадан өтпөйт деген.

Төлөн Исаков белгилегендей чет өлкөдөн келген кийимдерден кооптонууга негиз жок. Анткени алар келгенге чейин санитардык тазалоодон өткөрүлөт.

Ал эми Бишкек тургундары секонд хэнд дүкөндөрүнөн кийинишеби? Бул суроо менен шаар көчөсүндөгү жаштарга кайрылдык:

Шаххан Мырзабек: Секонд хэндди кийбейм. Себеби ал кийимди кандай адам кийген, кайсы мамлекеттен келди, ал бизге кандай таасир берет - бул белгисиз. Ошол себептен кийбейм.

Дастан: Билбей эмне үчүн. Бирок секонд хэнд кийимдерин кийбейм.

Алтынбек: Секонд хэнд кийимдерин кием. Анткени сапаты жакшы. Мындан сырткары бул кийимдер арзан.

Бактыгүл: Билем Европадан кийимдер келгенин. Бирок алып көрбөптүрмүн.

Сымбат: Секонд хэндден кийим алган эмесмин.

Дүйнөдө Секонд хэнд кийимдери 20-кылымдын экинчи жарымынан баштап пайда болуп, элүү жылдын ичинде бизнестин өзгөчө түрүнө айланууга жетишти. Андыктан бул секонд хэнд дүкөндөрү Кыргызстанда мындан да өнүгөөрү турган иш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG