Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

ЕККУ: К.Бакиевдин өлкөдөн чыгарылышы туура кадам болду


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев мурдагы президент Курманбек Бакиевди өлкөдө чыгып кетиши тууралуу билдирүү таратты. Анда мындай чечим Кыргызстандагы абалды турукташтыруу жана жарандык согушка жол бербөө үчүн ири кадам болгону айтылат. Ошондой эле ЕККУ өлкөдөгү баардык саясий күчтөрдү мамлекеттеги абалды стабилдештирүүгө, адам укуктарын сактоого чакырык жасайт. Билдирүүдө ЕККУ мындан ары дагы Кыргызстанга саясий кризистен чыгууга жардам көрсөтөрү белгиленет.

Курманбек Бакиев кечээ кечинде атайын аскердик учак менен Жалал-Абад шаарынан Казакстанга учуп кеткен. ЕККУ “Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама жана Россия президенти Дмитрий Медведевдин биргелешкен аракетинин, ошондой эле ЕККУ жана Улуттар Уюму, Европа Биримдигинин активдүү арачылыгы менен Кыргызстандын убактылуу өкмөтү жана президент Курманбек Бакиевдин ортосунда аны өлкөдөн сыртка жөнөтүү тууралуу келишим түзүлдү”, - деп билдирген. (AiJu)

XS
SM
MD
LG